Орусияда “Союз” кемесиндеги авариянын себептери иликтенүүдө

"Союз" кемеси "Байкоңурдан" көтөрүлгөн учур. 11-октябрь, 2018-жыл.

Орусиялык “Коммерсанть” басылмасынын өз булактарына таянып жазганына караганда, “Союз” космос кемеси капталында жайгашкан, биринчи баскычтагы төрт блоктун бири бузулгандыктан аварияга кабылышы мүмкүн. Басылманын маектеши белгилегендей, бул азыр атайын комиссия иликтеп жаткан үч себептин бири.

Авариянын себептерин аныктоого бир ай бөлүнгөн. Иликтөө бүтмөйүнчө Орусияда “Союз” кемелерин учурууга тыюу салынды.

“Союз” кемеси ушул бейшемби күнү "Байкоңур" космодромунан көтөрүлгөндөн саналуу мүнөттөрдөн кийин аварияга кабылып, анын бортундагы орусиялык космонавт Алексей Овчинин менен америкалык астронавт Ника Хейги аман калышкан. Алар түшкөн капсула космодромдон 500 чакырым алыстыкта конгон.

Орусиялык космонавт менен америкалык астронавт Эл аралык космос станциясына жол тарткан эле. Орусиянын “Союз” кемеси акыркы жети жылдан бери Эл аралык космос станциясына жетүүнүн жалгыз каражаты болуп келет. (UE)