Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму уюштурулуп, ага 40тай өлкөнүн өкүлдөрү катышат.
Борбор Азия университети тараткан маалыматка караганда, ага ушул тармакта иштеген 300дөн ашуун эксперттер, коноктор, расмий өкүлдөр катышат. Форум 23-26-октябрь күндөрү өтөт.
Форумда өзгөчө Кыргызстан жана Борбор Азиянын тоолуу аймактарынын абалы, экологиянын, климаттын өзгөрүшү, суу, бийик тоолуу аймактарга инвестиция тартуу, жакырчылык өңдүү бир катар маселелер талкууланат. (КЕ)