Бишкекте кыргыз-чех бизнес-форуму болот

Чехиядагы сүттү кайра иштетүүчү заводдордун бири.

Бишкектеги "Хаятт" мейманканасында бүгүн, 17-октябрда бешинчи кыргыз-чех бизнес-форуму болот.

Форумдун алкагында эки өлкөнүн ишкерлери жолугушуп, өз ара кызматташтык тууралуу сүйлөшөт. Жыйынга Чехиянын Казакстандагы элчиси да келет.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага Кыргызстанда 20дан ашык долбоорду каржылаган Чехиянын Экспорт банкынын өкүлдөрү да катышмакчы.

2015-жылдан бери кыргыз-чех ишкерлер форуму беш жолу Бишкек жана Прага шаарларында өткөрүлгөн.