Бишкекте балдарга арналган «Сакура музыкасы» концерти өтөт

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 19-октябрда «Сакура музыкасы» концерти өтөт. Аны «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду уюштуруп жатат. Иш-чаранын максаты – Жапониянын маданияты менен балдарды тааныштыруу.

7 жаштан жогору балдарга арналган концертте Кендо федерациясы самурайлардын байыркы аскердик өнөрүн тартуулайт. Балдар жапон тилинде бир нече сөздү да үйрөнө алышат. Ошондой эле балдар ырлары да тартууланат. Оскар сыйлыгын жеңип алган мультфильмдин музыкасы жана башка ырлар да ырдалат.

Концерт "Балдар филармониясы" музыкалык-агартуу программасынын алкагында өтмөкчү. Билет баасы 140 сом. 60 мүнөттүк концерт саат 11.00дө башталат. Билеттер Филармониянын кассасында сатылууда. (NT)