Машыгуу учурунда прапорщик каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Абадан коргонуу күчтөрүнүн 30 жаштагы прапорщиги машыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлдөрү кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн 18-октябрда болду.

Үч чакырымга чуркоо маалында прапорщик эс-учун жоготуп жыгылып түшкөн. Алгачкы медициналык жардамдан эсине келбей, ооруканага жеткирип баратышканда жолдо каза болгон.

Учурда маркум эмнеден каза болгону иликтенип жатат.