Бөйрөк ооруларын дарылоо жана аныктоо боюнча жыйын болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында бүгүн, 19-октябрда бөйрөк-таш ооруларын дарылоо жана дартты аныктоо боюнча илимий жыйын болот. 

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, иш-чара Кыргызстандын урологиялык кызматынын уюштуруучусу, окумуштуу Медин Тыналиевдин 80 жылдыгына арналган.

Министрликтин 2005-2007-жылдардагы иликтөөсүнө караганда ондогон жылдар мурда өлкөдө нефролитиаз (бөйрөктөгү таш) менен ооругандар көбөйгөн. Бул дарт боюнча кийинки жылдары иликтөө жүргүзүлгөн эмес. 

Бирок бөйрөгүнөн таш-туз чыгып же толуп, ооруканага кайрылган жарандар көп.