Сауд Арабиясы Хашоггинин өлтүрүлүшүн “чоң катачылык” деп атады

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел аль-Жубейр.

Сауд Арабиясы өзүнүн Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашоггинин (башка айтылышы - Хашогжи) өлтүрүлүшүн “чоң жана коркунучтуу катачылык” деп баалап, ага жооптуулар жазага тартыларын билдирди.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Адел аль-Жубейр жекшемби күнү америкалык “Фокс-Ньюс” телеканалындагы маегинде саудиялык агенттер “муну өз ыйгарым укуктарынан аша чаап жасашкан” жана бул “уруксат берилбеген операция” болгон деген көз карашын айтты:

- Мураскер ханзаада муну четке кагат. Анын маалыматы болгон эмес. Керек болсо атайын кызматыбыздын жетекчилери да билишкен эмес. Бул өзүм билемдик менен жүргүзүлгөн операция болгон. Бул операцияда айрым адамдар өз бийлигинен жана жоопкерчилигинен аша чабышкан. Алар Жамал Хашоггини өлтүрүп ката кетиришкен жана аны жаап-жашырууга аракет кылышкан.

Саудиянын башкы дипломаты журналист Жамал Хашоггинин үй-бүлөсүнө көңүл айтты, бирок ал кандай шартта өлтүрүлгөнү, сөөгү кайда экенин кабарлаган жок. Бул окуяга байланыштуу саудиялык 18 кызматкер кармалганы белгилүү болду. 

Кийинки кездерде АКШда жашап, “The Washington Post” гезитине сауд падышалыгын сындаган макалаларын жарыялап келген Жамал Хашогги 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна кирген боюнча дайынсыз жоголгон. Алгач расмий Эр-Рияд журналист дипломатиялык өкүлчүлүктөн чыгып кеткенин билдирген болчу. Эр-Рияд Хашогги чыны менен эле консулдукта каза тапканын 20-октябрда гана мойнуна алды.

Түрк басылмалары Хашоггини Саудиядан атайын келген 15 агент өлтүргөнүн, журналисттин сөөгү мүчөлөнгөнүн укук коргоо органдарына шилтеме кылып жазып чыгышкан.