Никарагуадагы ташкында 17 киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Никарагуада нөшөрдөн кийин суу ташкындап, андан каза болгондордун саны 17 кишиге жетти.

Вице-президент Росарио Мурильо алардын көбү сууну кечип өтүүгө аракет кылган учурда каза болгонун дүйшөмбү күнү билдирди. Өлкөнүн түндүк тарабындагы сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактардагы үй-бүлөлөргө жардам жана керектүү жабдуулар жөнөтүлдү.

Никарагуада эки жумадан бери жамгыр токтобой жаап жатат. Өлкө президенти Даниэл Ортега өткөн аптада эки автоном аймагында жана жети департаментте коркунучтуу абалдын чеги жогорку – кызыл деңгээлге жеткенин билдирген. Калган сегиз департаментте да ташкын коркунучу сакталууда.