24-октябрда Пакистандын ири шаары Карачиде "мамлекеттик кызматкерлерге берилген үйдө мыйзамсыз жашап жатат" деген адамдарды чыгаруу учурунда жергиликтүү эл полиция менен кагылышты. Союл көтөргөн полиция кызматкерлери котологон элдин мизин кайтарыш үчүн суу бүрккөн каражаттарды да колдонгон. Тартип сакчылары нааразылыкка чыккандар таш ыргытып, төрт полиция кызматкерин жарадар кылганын кабарлашты.
Буйрукту аткарууга тоскоолдук кылган адамдар камакка алынды.
ИИМ министри Синд Мурад Али Шах кийин бул аймактан полиция кызматкерлерин чыгарууга буйрук берди. Айрым маалыматтарда эки тарапты кошкондо кагылышта 12 киши жарадар болгон.
Июль айында Жогорку сот мамлекеттик кызматкерлер үчүн салынган үйлөрдө мыйзамсыз жашап жаткандарды чыгаруу буйругун берген.