Самаркандда 21 адам хот-дог жеп ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Самарканд шаарында 21 адам хот-дог жеп ууланды, жетөөнүн абалы оор. Бул тууралуу жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгына таянып, turon24 агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Сартепа конушунда жашаган тургундар уулануу белгилери менен "Тез жардамга" кайрылган.

Алар хот-догду дыйкан базарына жакын жердеги тез татымдан алып жешкен. Санэпидкөзөмөл борборунун чечими менен аталган тамактануучу жай жабылып, текшерүү башталды. Ишти прокуратура да карап жатат.