Туруспек Коеналиев кызматтан бошотулду

Туруспек Коеналиев.

Туруспек Коеналиев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 25-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Коеналиев президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өзү берген арыздын негизинде кызматынан бошоду.

55 жаштагы Коеналиев бул кызматта 2010-жылдын сентябрынан бери иштеп келген. (NT)