Казакбаев: Бабанов Жээнбековду колдойт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Республика” партиясынын мурдагы лидери, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи келген Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш иштери акыйкаттык менен каралып, жабылса өкмөт менен президентке көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Бабановдун партиялашы жана жакын үзөңгүлөшү Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев “Азаттыктын” “Эки бир” маегинде билдирди. Казакбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин акыркы жагдайын, өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик бир жылы боюнча көз карашы менен бөлүштү.