Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Анын айтымында, Москвада өткөн Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ассамблеясына катышкан соң Атамбаев баш болгон Социал-демократиялык партиянын делегациясы Бишкекке келди.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 22-октябрда Орусияга сапар алганы белгилүү болгон. Ал учурда расмий түрдө Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) “экс-президент Орусияга жеңесинин тажиясына жана Москвада өтчү Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышканы кетти” деп түшүндүргөн. Бирок айрым саясатчылар экс-президенттин Орусия сапары анын эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Икрамжан Илмиянов камакка алынган учурга туш келгендиктен өлкөгө кайра кайтып келбеши мүмкүн деп күмөн санашкан эле. (BkA)