Аба ырайы: 30-октябрда аймактарда жаан-чачын болот

Ноокен районундагы пахта талаасы. Жыйым-терим ушул күндөрү аяктап жатат.

30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 16...18 градуска чейин жогорулайт.