Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган монета чыгарылды

Айтматовдун элесине арналган монета.

Кыргызстандын Улуттук банкы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган коллекциялык монетаны 29-октябрда жүгүртүүгө чыгарды. 

«Тарыхый окуялар» сериясына кошулган 20 сомдук монета «Чыңгыз Айтматов - 90 жыл» деп аталат. Алдыңкы бетине Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Четин тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov – 90 years» деп жазылган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргызстандын герби, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугунун элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы жазылган.