Кыргызстанда кайрымдуулукту жайылтуу максатында сынак өтүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кайрымдуулук маданиятын жайылтуу максатында сынак өтүп жатат. “Элим, барсыңбы?!”  кайрымдуулук фонду уюштурган сынак төрт багытта жүрөт:
- сүрөт тартуу;
- кол өнөрчүлүк; 
- ыр жана эссе жазуу;
- социалдык долбоор жазуу.

Фонд алгачкы үч багытка майып жана ата-энеси жок балдар гана катыша аларын билдирди. 

Мыкты материалдарды даярдаган төрт адамга Дубайга саякат жана баалуу белектер берилет. Эмгектерди кабыл алуу 10-ноябрда аяктайт. (AiA)