Борбор Азиядагы Америка университети эң мыкты деп табылды

Борбор Азиядагы Америка университети

Борбор Азиядагы Америка Университети Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы эң мыкты университеттердин 2019-жылкы рейтингине илинди.

Мындай маалыматты дүйнө университеттеринин рейтингин аныктаган QS World University Ranking уюму жарыя кылды. 

Аталган рейтингге жалпысынан 300 университет кирген. Ага Казакстандан 25 окуу жай катышып, Ал-Фараби Казак улуттук университети 19-орунду ээлесе, Кыргызстандан эки окуу жай катышып, Борбор Азиядагы Америка Университети тандалып алынып, сапта 151-160-орундардын ортосунда турат. 

2018-жылы Америка университети 121-орунду ээлеген. Окуу жайларга академиялык аброю, эл аралык факультеттер жана эл аралык студенттердин санына жараша баа коюлган. (KR)