Аба ырайы: туман каптайт

Ысык-Көл.

Кыргыз гидрометеорология борбору 4-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12 градус болот.

4-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус жылуу болот.