Залкар жазуучуну Стамбулда эскеришти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Стамбул шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Түрк адабият фонду" жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданий кече өткөрүштү. Иш-чарада Айтматов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, айрым адабиятчылар жазуучунун түрк адабиятына кошкон салымы жөнүндө кеп курушту. Ал эми жергиликтүү Айтматов таанычуулар бул кеченин маанисин жогору баалашты.