Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 5-ноябрда сырттан айыпталган мурдагы депутат Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш ишин карай баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн аптада Башкы прокуратура Шадиевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко жиберилгенин кабарлаган.
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы негиз болгон.
Бул кылмыш иши козголгондон көп өтпөй Шадиев Кыргызстандан качып кеткени ачыкка чыккан. Анын АКШда экени кабарланып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү", "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренелери менен иш ачылып, айыптар тагылган. Шадиев азыр укук коргоо органдарынын издөөсүндө.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратты.