"The Insider" басылмасынын шеф-редактору кыргыз журналисттерине сабак өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

"The Insider" басылмасынын шеф-редактору Роман Доброхотов кыргыз журналисттерине иликтөө жанрынын күңгөй-тескейин үйрөтөт. Адисти Журналисттик иликтөөлөр фонду "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен чакырууда.

Доброхотовдун сабагы 13-ноябрда Бишкекте "Интерньюс" жайгашкан имаратта өтөт. Кирүү акысыз. Каалоочулар төмөнкү электрондук даректерге кат жазып, маалымат алса болот:

edzhaparova@internews.org, aibek.turdaaly@gmail.com

Каалоочулар бул жерден онлайн каттоодон өтөт.

35 жаштагы ​Роман Доброхотов Москвада төрөлгөн. Бир канча абройлуу басылмаларда иштеген. 2013-жылы "The Insider" басылмасын негиздеп, шеф-редактору болуп иштеп келатат. Бул басылма 2017-жылы Европа Кеңешинин "Инновация" сыйлыгына татыган.