Отунбаева: зомбулук жугуштуу оору сыяктуу

Экс-президент Роза Отунбаева.

Коомдогу, үй-бүлөдөгү зомбулук жугуштуу оору сыяктуу. Үй-бүлөдө зомбулукту көрүп чоңойгон муун кийин аны кайталап жатат. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева 6-ноябрда Бишкекте өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” аттуу эл аралык конференцияда билдирди. Отунбаева зомбулуктун алдын алыш үчүн анын себептери менен кесепетин терең изилдеп, андан кийин чечүүнүн жолдорун табуу зарыл деп эсептейт. 

- Бул жалаң эле аялдардын иши эмес да. Коомдо болуп жаткан зомбулук үйдөн башталат. Атасы энесин күн сайын уруп жатканын көрүп чоңойгон бала кийин өзү да ошону колдонуп жатпайбы. Ушунун негизинде коомдо да зомбулук күчөп жатат. Башкача айтканда, бул вирус, жугуштуу оору сыяктуу. Биз ар бир үй-бүлөдөн башташыбыз керек деп жатам.  

Изилдөөлөргө караганда, дүйнөдө ар үчүнчү аял өз жакындарынан запкы көрөт. Ал эми статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт.  Сурамжылоолордо 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун ар кайсы түрүнө кабылганын айтышкан.  (KE)