Актөбөдө автобустагы мигранттардын өрттөнүшү боюнча сот өкүмү чыкты

Кан жолдо өрттөнгөн автобус. 18-январь, 2018-жыл.

Актөбө шаарындагы район аралык соттун 9-ноябрдагы өкүмүнө ылайык, кан жолдө өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары Максат Пернебеков, Нуржан Кыргызбаев жана Барат Танатов беш жылга түрмөгө кесилди. Алардын баары жети жыл бою автоунаа айдоо укугунан да ажыратылды.

Ал эми автобустун ээси Нурлыбек Тилепбаев менен механик Бахадир Пердебаевди үч жарым жылга кесилди. Алар жазасын эмгек-түзөтүү колониясында өтөй турган болушту.

Сот автобустун айдоочуларын өрт коопсуздугунун талаптарын жана транспорт каражатын пайдалануу эрежесин бузган деп тапты.

Автобустун ээси коммерциялык уюмдун милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы, жалган документ жасаганы, бузук автотранспорт каражатын пайдаланууга чыгарганы үчүн күнөөлүү болду.

Ушундай эле айып автобуска ээлик кылган “Азия транзит сервис» компаниясынын механигине да коюлду.

Өзбекстандын жарандарын салып бараткан автобус быйыл январда Шымкент-Самара кан жолунун Актөбө облусундагы бөлүгүндө өрттөнүп кеткен. Анда автобустун ичиндеги 57 кишинин 52си өлгөн. Үч айдоочу жана эки жүргүнчү аман калган. Бул иш боюнча соттолгондордун баары Казакстандын жарандары. Алардын соту сентябрь айында башталган. (UE)