"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Интернет колдонуучуларынын жеке кат алышуусун жана сүйлөшүүлөрүн жаздырып ала баштайт" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
- Бул маалымат фейк болушу мүмкүн. Анткени УКМК аны тараткан эмес. Мындай маалыматты ким таратып жатканы сөзсүз текшерилет, - деди ал.
Бүгүн айрым "WhatsApp" колдонуучуларына "УКМК "Facebook", "Twitter" жана "WhatsApp" аркылуу байланыштын баарына мониторинг жүргүзүп, жаздырып ала баштады" деген мазмундагы кабар келип жатат. (RK)