Калифорниядагы өрт 40тан ашык кишинин өмүрүн алды

Калифорния,12-ноябрь, 2018-жыл.

Америка бийлигинин маалыматына караганда, Калифорнияда токойдо башталган өрттөн каза тапкандардын саны 44 кишиге жетти. Кеминде 228 адам дайынсыз болуп жатат. Өлгөндөрдүн дээрлик баары штаттын түндүгүндөгү Парадайс шаарынын аймагынан болушат. Айрым сөөктөр автоунаалардын ичинен табылган.

Калифорнияда жүздөгөн чакырым токой өрттөнүп, миңдеген үйлөр жарактан чыкты. Ошол эле кезде табият кырсыгын толук жеңүүгө азырынча мүмкүн болбой жатат. Миңдеген өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.

Синоптиктердин маалыматына караганда, кургак аба ырайы жана шамал жок эле дегенде дагы бир күнгө сакталат.