Уланбектен уңгулуу сабак

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос - Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү.

Уланбек Эгизбаев - чынчыл журналистиканын символу (Венера Сагындык кызы).

Китептин бет ачары 13-ноябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинде энеси, саясатчылар, парламент депутаттары, журналисттер, активисттер, кесиптештери, "Азаттыктын" жетекчилеринин жана университеттеги мугалимдеринин катышуусунда өттү.

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китебинин редакицялык тобу: Венера Жуматаева, Бурулкан Сарыгулова, Заирбек Бактыбаев, Мирлан Токталиев, Улан Асаналиев жана Каарманбек Кулуев. Тексттин редактору: Жолдош Турдубаев. 

Уланбек Эгизбаев чындыктын, акыйкаттын, адилеттүүлүктүн символу (Жанар Акаев).

Китептин орус тилиндеги котормосу быйыл декабрь айында чыгат.

"Уланбектин аз өмүрү китепке айланганы жүрөгүмдү оорутуп турса, бир чети жаш болсо да эмгеги сиңип, китеби чыгып жатканына кубанып турам" (Жыпаргүл Сариев Уланбектин апасы). 

Уланбек Эгизбаев "Азаттык" радиосунда беш жыл иштеп, бул аралыкта Кыргызстандын эң аярлуу, чукул жардамга, колдоого муктаж же тегерегиндеги элден башкача жашаган каармандарды таап, аларды видеого тартып, радио, телеге алып чыкты. 

Уланбек бизге эбегейсиз керез калтырып кетти. Депутат, министр болбой туруп эле, элге кызмат кылса болоорун көрсөттү (Каныбек Иманалиев). 

"Уланбек кыргыз журналистикасынын сапатын көтөрдү" (Кален Сыдыкова).

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көрдү. Китепке анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.