Кыргызстанда мамлекеттик органдар жарандардан 168 тастыктама талап кылаары аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин Электрондук тыгыз байланышуу борбору Кыргызстанда бериле турган жана талап кылына турган тастыктамалардын, аларды алыш үчүн керектеле турган документтердин санын изилдеп чыкты. Бул тууралуу маалымат борбордун сайтында жарыяланды.

Изилдөөнүн баштапкы жыйынтыктарында 27 мамлекеттик орган өлкөнүн жарандарына 126 типтеги тастыктама берери аныкталды. Ал эми 23 орган ар кайсы муктаждыктар үчүн жарандардан 168 тастыктама талап кылаары белгилүү болду.

Маселени изилдегендер ошондой эле жарандар 126 тастыктаманы алыш үчүн кошумча 96 документти 286 жолу көрсөтүүгө мажбур болушаарын такташкан.

“Электрондук тыгыз байланышуу борбору” изилдөөдөн кийин бул тастыктамалардын бир тобун электрондоштоштурса болот жана жарандардан талап кылууну токтотуу керек деген жыйынтыкка келди. Мекеме өкмөттүн тапшырмасы менен башталган “Түндүк” маалыматтар базасы 2019-жылдын аягына чейин ишке кирсе, 25 бериле турган жана 59 талап кылына турган тастыктамалар автоматташтырыларын билдирүүдө.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезде башталган “Таза коом” долбоорунун алкагында 30 долбоор ишке киргизилерин жарыялаган. Анын бири “Түндүк” деп аталаары, ал мамлекеттик органдардын автоматташтырылган системасын бири-бири менен байланыштырып, жарандардын документ алышын жеңилдетери кабарланган. (ErN)