ЖЭБдеги авариядан Кыргызстан 90 миллион сомго жакын зыян тартты

Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан мамлекетке 89 миллион 699 миң сомдон ашык зыян келтирилди.

Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, бул акчанын 12 миллиону авариянын кесепеттерин жоюуга сарпталган.

"Бишкек жылуулук тармактары" акционердик коому тарабынан 2018-жылдын 27-январынан 2-февралына чейинки убакытта жылуулук үчүн абоненттерге кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп, мындан улам 77 миллион сомдон ашык каражат бюджетке түшпөй калган.

Быйыл 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан. (NT)