КМШнын чек арачылары Тажикстанда машыгат

Иллюстрациялык сүрөт.

КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстанда машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди. Машыгуу келерки жылда өтөрү айтылды.

КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын башчылары 14-ноябрда Токмокто жыйынга чогулуп, Ооганстандагы “Талибан” кыймылынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийгизген таасирин талкуулашты. Анда жалпысынан 27 чечим кабыл алынды. (BTo)