Бишкекте бал жармаңкеси ачылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы “Ыктыярдуу балчылар коому” билдиргендей, бүгүн Бишкекте бал жармаңкеси ачылат. Шаар тургундары менен конокторунун назарына балдын жүзгө жакын түрү сунушталат.

Жармаңкенин максаты – шаардыктарга сапаттуу, табигый бал азыктарын тартуулоо жана эл арасында аны колдонууну жайылтуу. Кожомкул атындагы спорт ордосунда ачылган жармаңке 25-ноябрга чейин уланат. (КЕ)