18-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7;
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 4...9;
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...2, күндүз 10...15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8,
Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана таңга жуук туман түшүшү ыктымал. Абанын табы түнкүсүн -8…-10, күндүз 4…6 градус суук болот.