Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде саясатта кала турганын маалымдады:
- Мен саясатта президент, премьер же спикер болом деп жүргөн жокмун. Мен Бакиевдер кайтып келишин каалабайм. Конституциялык реформаны ишке ашыргым келет. Ошол үчүн мен саясатта калууга аргасызмын. Негизи башка нерсе - тарых, тил, бизнес менен алек болоюн дегем. Азыр өлкөдө абал ошол Бакиевдин жолуна түшүп кетиши мүмкүн. Мен саясатчылардын жаңы муунуна жардам бериш үчүн калып жатам. Парламенттик мамлекет болушун каалайм, - деди Атамбаев.
Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу үн ката элек. (TSh)