Өзбекстан аскердик даярдыгын текшерерин Кыргызстанга кабарлады

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан эртең 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет.

25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешери маалым. (RK)