Ошто кыз-келиндерге зомбулук кылбоого чакырган аллея ачылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында "Сары кол чатыр" деп аталган аллея ачылат. Кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүнү токтотууга арналган бул жайды мэрия өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге уюштурууда. 

Аллеянын ачылышы 27-ноябрда болот. Бул саамалык аялдардын укугун коргоо максатында жыл сайын ноябрда өткөрүлчү 16 күндүк өнөктүктүн алкагында ишке ашып жатат. 

"Дүйнөнү кызгылт-сары кылып, аял-мигранттардын укуктарын коргоо үчүн" деген ураан менен эл аралык 16 күндүк өнөктүк жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин уланат. (MdN)