Тажик түрмөсүндөгү тополоңго катышкандарга кылмыш иши козголду

Хожент шаарындагы №3 түрмө.

Тажикстанда Хожент шаарындагы №3 күчөтүлгөн режимдеги абактагы тополоңго катышты деп айыпталып жаткан соттолуучуларга кылмыш иши козголду.

“Азаттыктын” тажик кызматынын маалыматына караганда, 29-ноябрда Хоженттин тергөө абагына тогуз соттолуучу жеткирилди.

"Алар адам өлтүрүү", "денеге оор залал келтирүү", "бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү", "абактын тартибин бузуу" сыяктуу беренелер менен айыпталып жатат. Булар тополоңду уюштургандар эмес, ага катышкандар" деп айтты "Азаттыктын" тажик кызматына атын атагысы келбеген адам.

Хожент түрмөсүндө 8-ноябрда болгон тополоң үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки абак кызматкери курман болуп, дагы бешөө жараат алган.

Буга чейин тажик ЖМКлары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо элүүдөй киши өлгөнүн кабарлашкан.

Түрмөдө болгон башаламандыкты Башкы прокуратура иликтеп жатат. Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 22-ноябрда “тополоңго негизинен терроризм үчүн жазасын өтөп жаткандар, анын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочулары катышканын” белгилеген.

Түрмөдөгү башаламандыкка байланыштуу түзөтүү мекемесинин жети кызматкери кармалган. Алардын арасында түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзода, режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров да бар. Юстиция министринин орун басары, Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын башчысы Изатулло Шарифзода кызматынан бошотулган.