Бишкекте акыркы күндөрү сасык тумоо менен клиникалык жугуштуу оорулардын бейтапканасына кайрылгандар эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган оорукананын директору Гүлжигит Алиев 2-декабрда билдирди.
Анын айтымында, бейтаптарды текшерүү үчүн мурда нөөмөткө экиден дарыгер турса, азыр төрт адис элди кабыл алууда. Кезек күткөн жарандар тартылган видеолор социалдык тармактарга да тарады.
- Ооба, ушундай кезек күтүүлөр болуп жатат. Азыр сасык тумоо көп, мурда биздин ооруканага күнүнө 200-250 киши кайрылса, азыр 350, кээде 400гө чейин жетет. Ошентсе да алардын баарын догдурлар кабыл алып, керектүү дарыларын жазып берип, зарыл болсо жаткырып жатабыз, - деди Алиев. (BCh)