Мирослав Ниязов Тажикстандагы элчилик кызматтан бошотулду

Мирослав Ниязов.

Мирослав Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинин кызматынан бошотулду. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 4-декабрда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мирослав Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2014-жылдын 2-июлунда дайындалган. (КЕ)