Жаңы жылда жети күндү эс алуу күндөрү катары жарыялоо сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы жыл майрамына карата 2019-жылдын 1-январынан 7-январга чейин, ал эми май майрамдарында 9-12 майды эс алуу күндөрү катары жарыялоону сунуш кылды. 

Министрлик мындай сунуш мамлекеттик мекемелерде иштегендердин эс алуу күндөрүн туура колдонуу максатында жана жарандардан түшкөн суроо-талаптардын негизинде иштелип чыкканын билдирди.

Мыйзам боюнча жумушчу күндөрү болуп саналган 2,3,4-январь кийин эс алуу күндөрүнө туш келген майрамдарга которулмакчы.

Учурда бул токтомдун долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылды.