Премьер-министр Питер Пеллегрининин 5-декабрда айтышынча, дипломат өлкөдөн ноябрдын акырында чыгарылган. Өлкөнүн аскердик чалгын кызматы “ал Словакиянын жана НАТОнун кызыкчылыгына каршы тыңчылык иштерин жүргүзгөнүн” аныктаган.
Питер Пеллегрини өлкөдөн чыгарылган орус жаранынын атын атаган жок, бирок ал Орусиянын Братиславадагы элчилигинде коргоо атташеси кызматкери катары иштегенин кошумчалады.
Москва словак премьер-министринин айтканы боюнча комментарий бере элек.
Словакия - НАТОнун жана Европа Биримдигинин мүчөсү.