Министрлик жөлөкпул тууралуу Интернетте тараган маалыматтарды четке какты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөлөкпул тууралуу Интернетте тараган маалыматтарды четке какты.

Мекеме коомчулукту бул маалыматтарга ишенбөөгө жана аларды башкаларга таратпоого чакырды.

Акыркы күндөрү «WhatsApp» аркылуу "министрлик 1991-2018-жылдардын аралыгында иштегендерге 70 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул берип жатат" деген кабар тараган.