Хожент түрмөсүндөгү тополоңго байланыштуу алты прокурор иштен алынды

Хожент шаарындагы түрмөнүн сырткы көрүнүшү.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Согди облустук прокуратурасынын алты жооптуу кызматкерин иштен алды. Бул чечим Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон кийин кабыл алынды.  

Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3 колонияда чыккан тополоң боюнча абакта отурган бир нече адамга жаңы кылмыш иши козголду. Аларга “Киши өлтүрүү”, “Денеге оор залал келтирүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “Түзөтүү абагындагы режимди бузуу”  деген айыптар тагылууда.

Тажикстандын бийлиги тополоңду басуу учурунда террорчулар жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн билдирип жатат. 

Буга чейин Хоженттеги түрмөнүн жети кызматкери, алардын ичинде абактын жетекчиси Файзулло Сафарзода камакка алынган. Аларга Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык” беренеси боюнча айып тагылган. 

Хожент түрмөсүндө 8-ноябрда болгон тополоң үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жарадар болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо элүүдөй киши өлгөнүн кабарлашкан.