“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 12-декабрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Нарын облусунунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкек шаарында 12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° болот. (BTo)