Токтогул районунун Торкент айылындагы маданият үйү өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тилсиз жоо 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү чыккан. Анын кесепетинен болжол менен маданият үйүнүн 455 чарчы метр аянты күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган. 1948-жылы курулган маданият үйүнүн бир бөлмөсү китепкана катары колдонулган. Анын ичиндеги 11 700 даана китеп жана мүлк толугу менен өрттөнүп кеткен.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу бөлүгү өрттүн себебин жана зыянын тактап жатат. (BTo)