Жамшитбек Калилов кызматтан кетти

Жамшитбек Калилов.

Транспорт жана жолдор министри кызматтан кетүүгө арыз жазганын  өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго министр Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп уяткарган.