Алматыда активисттер бүгүн да кармалды

Алматынын борбордук аянтындагы полициянын автоунаалары. 16-декабрь, 2018-жыл.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы укук коргоочу Бахытжан Торегожинанын сөзүнө таянуу менен кабарлагандай, Алматыда бүгүн да бир нече активист кармалып, полиция бөлүмүндө бир канча саат отурган соң бошотулган.

Полиция Алматыдагы соңку кармоонун себебин түшүндүрө элек. Бирок Алматынын Бостандык районунун полиция бөлүмүндөгүлөр ал жерге бүгүн да бир нече адам жеткирилгенин ырасташты.

Активисттер Алматыда кечээ да кармалган болчу. Алар кечээ Казакстандын түштүк борборунун Республика аянтында 2011-жылы Жаңы-Өзөн, 1986-жылы Желтоксон окуяларында курман болгондорду эскерүүнү көздөшкөн.

16-декабрда Казакстанда Эгемендик күнү белгиленди. (UE)