Эмгек сиңирген артист Дүйшөнбек Үкүев дүйнөдөн кайтты

Дүйшөнбек Үкүев.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дүйшөнбек Үкүев 71 жашында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. 

Маркумдун жакындарынын айтымында, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-декабрда саат 10:00дө Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында болот.

Дүйшөнбек Үкүев - обончу, ырчы жана аткаруучу. Ал  Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында 1947-жылдын 20-июнунда туулган. 1967-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иштеп келген.

1990-жылы композитор Жумамүдүн Шералиевдин 75 жылдыгына арналган фестивалда «Көз алдымда элесиң» аттуу ырын ырдап, баш байге алган. 1998-жылы республикалык обончулардын кароо-сынагында Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган «Отуз жаш» аттуу обону менен биринчи байгеге татыган. Атай Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган телефестивалда диплом жана баалуу белектерди алып, 2002-жылы Муса Баетовдун 100 жылдыгына арналган эл аралык телефестивалда «Сагынам» аттуу ыры менен лауреат болгон.

Ал 50дөн ашык обондун автору. Чыгармаларынын көпчүлүгү Кыргыз радиосунун алтын казынасында сакталуу.