Британ парламенти Брекзит келишимине январда добуш берет

Тереза Мей.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 17-декабрда парламентте билдиргендей, өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышы тууралуу макулдашуу январдын орто ченинде добушка коюлат. Парламент 7-январдан тартып документти кайра талкуулайт. 

Тереза Мэй Брекзит боюнча кайра референдум өткөрүүгө каршы чыга берерин кошумчалады. Анын айтымында, референдум Британиянын ого бетер бөлүнүшүнө алып келет. 

Брекзит келишиминде Британия Евробиримдиктен чыгып кеткенден кийин эки тараптын соода-экономикалык алакасы кандай уланаары, миграция жана чек ара маселелери кандай чечилери жазылган. Бул документти уюм ноябрь айында жактырган. Британ өкмөтү бул келишимди колдогону менен парламент каршы болуп жатат. Эл өкүлдөрү документке 11-декабрда добуш бериши керек эле. Бирок Мэйдин өкмөтү макулдашуу четке кагылаарын түшүнгөндөн кийин добуш берүүнүн мөөнөтүн жылдырууга аргасыз болгон.