Цирктин жетекчиси иштен алынды

Курмангазы Исанаев.

Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Исанаев башкы директорлук кызматка 2004-жылы 6-октябрда дайындалган. Буга чейин циркте чыгармачыл жамаат ичинде пикир келишпестик чыкканы айтылып жаткан.