Өкмөт: 250 миллион сомго 24 айылга таза суу берилди

Ысык-Көлдүн Жаңы-Арык айылына таза суу келди.

Быйыл Кыргызстандын 40тан ашуун айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди:

- Быйылкы жылы "Таза суу" программасына бюджеттен бөлүнгөн 250 миллион сомго 24 айылга таза суу киргизилди. Донорлордун каражатын тартуу иши да колго алынууда.

Өкмөттүн өкүлү кошумчалагандай, быйылкы жылы Дүйнөлүк банктан жана Ислам өнүктүрүү банкынан кошумча 94 миллион доллар каражат тартылып, анын эсебинен 17 айылга таза суу берилди.

Таза суу маселеси - Кыргызстандын социалдык жашоосундагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Азия өнүктүрүү банкы бул максатта ири насыя бөлгөн, бирок кийин ал каражат максатсыз пайдаланылганы тууралуу маалымат чыккан. (RK)