Окуучу мушташтан каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кызыл-Кыяда эки окуучу адам өлүмүнө шектүү катары кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 19-декабрда болгон. Мектеп окуучулары окуудан кийин мушташа кетип, тогузунчу класстан бир бала жүрөк жагына катуу сокку алып, каза тапкан.

Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (JsA)